Китепкана жөнүндө

Китеп- электрондук китепканасы ишке берилди. Учурда системага мектеп программасында окулуучу бардык предметтер боюнча окуу китептеринин электрондук варианты киргизилген. Китептер төрт тилде.

Окутуу материалдары республикабыздын кыргыз, орус, өзбек жана тажик тилдеринде окуган мектептеп окуучуларына арналган, билим берүү стандарттарына жана окуучулардын жаш өзгөчөлүктөрүнө ылайык келет.

Электрондук китепкана кыргыз жана орус тилдеринде жасалган ага kitep.edu.gov.kg дареги менен кирүүгө болот. Кирүү акысыз жана каттоону талап кылбайт.

Бул электрондук китепкана учурда түзүлгөн кырдаалда жакшы инструмент болооруна ишенебиз. Китепкана мындан ары дагы жаңы, сапаттуу жасалган китептер менен толукталат.