Билим берүү аркылуу туруктуу өнүгүүгө бет алуу

«Билим берүү аркылуу туруктуу өнүгүүгө бет алуу» курсуна арналган методикалык сунуштамалар мектептин билим берүү процессиндеги туруктуу өнүгүү концепциясынын бүгүнкү күндөгү эң актуалдуу жана маанилүү көйгөйлөрүнүн нугунда иштелип чыкты. Бул басылма окуучуларга арналган беш окуу куралына методикалык сунуштама берет: «Дүйнө элдери эмнеси менен окшош жана айырмалуу?», «Биз коом жана дүйнө менен кандай байланыштабыз?», «Менин адаттарым ден соолугума кандай таасир этет?», «Адамдардын жашоосу айлана-чөйрө менен кандайча байланышкан?», «Айланамдагы маалымат менин жашоомо кандай таасир этет?». Методикалык сунуштамалар мугалимге мектептин билим берүү процессине туруктуу өнүгүү концепциясын киргизүүгө көмөктөшүү максатын көздөйт.

Окшош китептер