Биз коомдоштук жана дүйнө менен кандай байланыштабыз?

«Биз коомдоштук жана дүйнө менен кандай байланыштабыз?» бөлүмү демография жана миграция сыяктуу маселелерди жеткиликтүү изилдөө аркылуу теңсиздиктин, басмырлоонун социалдык, гендердик, улуттук ж. б. себептерин жана алардын кесепеттерин билүүгө мүмкүндүк берет. Окуучулар демография менен миграциянын калктын бакубатчылыгына, экологияга, адамдардын мамилелерине тийгизген таасирин жана жыргалчылыктар менен мүмкүнчүлүктөрдү бөлүштүрүү маселелерин карап чыгышат; адамдардын аярлуу катмарын түшүнүүгө жана аларга боорукердик менен мамиле кылып, теңсиздикти жоюу боюнча чараларды сунуштоого көнүшөт, ошону менен Кыргызстандын туруктуу өнүгүүсүнө салым кошушат. Окуу куралынын материалдары 5–6-класстардын ар кайсы предмет боюнча негизги окуу планын толуктайт.

Окшош китептер