Менин адаттарым ден соолугума кандай таасир этет?

«Менин адаттарым ден соолугума кандай таасир этет?» окуу куралы окуучулардын ден соолукту чыңдоо жана сактоо шарттары жөнүндө түшүнүгүн өнүктүрүүгө багытталган. Окуу куралынын материалдары 5–6-класстардын бардык сабактарынын негизги окуу планын толуктайт. Окуу куралындагы материалдарды окуп-үйрөнгөндөн кийин окуучулар ден соолукка байланыштуу туура жүрүм-турумду калыптандыруу үчүн кандай чараларды көрүү керектигин билишет, ден соолукка байланыштуу көйгөйлөрдүн экономикалык кесепеттерин азайтуу үчүн түптөлүп калган коомдук көз карашты жана жүрүм-турумду өзгөртүү керек экендигин, туура жүрүм-турум эрежелеринин үрөнүн балалык куракта эле себе башташ керектигин түшүнүшөт.

Окшош китептер