Маалымат менин жашоомо кандай таасир тийгизет?

«Айланадагы маалымат менин жашоомо кандай таасир этет?» бөлүмү маалымат коопсуздугун камсыз кылуучу фактор катары мектеп окуучуларынын маалыматтык маданиятын өнүктүрүүгө багытталган. Интерактивдүү тапшырмалар жана онлайн ресурстарды талкуулоо аркылуу жаш интернет колдонуучулар үчүн ыңгайлуу маалыматтык чөйрө түзүлөт. Интернет билим алууда жардам берет: мектептеги милдеттүү окуу программасында дагы, жөнөкөй кызыгууну канааттандырууда дагы. Маалымат менен иштөө аркылуу окуучулар өз муктаждыктары үчүн интернеттеги адабий-көркөм булактарды колдонууну үйрөнүшөт. Интернет адамга өз дараметин өстүрүү үчүн көптөгөн мүмкүнчүлүктөрдү берет, аны катардагы жашоо ар дайым эле камсыз кыла албайт. Окуучулар онлайн баарлашууну, жаңы досторду табууну жана керектүү маалыматты бөлүп алууну үйрөнүшөт. Ошондой эле алар социалдык тармактарда пикир алышуунун эрежелерин да билип алышат. Бөлүмдүн материалдары информатика, адам жана коом, технология, тил (кыргыз, орус, чет тил) сабактары боюнча 5-6-класстардын негизги окуу планын толуктайт.

Окшош китептер