Адамдардын жашоосу айлана-чөйрө менен кандай байланышкан?
- Автор Насырова А. Р., Матохина Т. А.;
- Басмакана Бюро ЮНЕСКО в Алматы, Казахстан - 2021жыл
- Тили Кыргыз тили
- Категориялар Туруктуу өнүгүү үчүн билим берүү
- Жанрлар Научно-познавательный
- ISBN 978-92-3-XXXXXX-X
«Адамдардын жашоосу айлана-чөйрө менен кандайча байланышкан?» бөлүмү мектеп окуучуларынын бүгүнкү күндүн экологиялык көйгөйлөрү, экологиялык жана табиятты коргоо маселелеринин негизин түзгөн баалуулуктар жөнүндөгү түшүнүктөрүн өстүрүүгө; бүгүнкү коомдун жашоосунда биологиялык ар түрдүүлүктү сактоонун, климаттын өзгөрүшүнүн, жаратылыш ресурстарын жана жашыл экономиканы, сууну жана мөңгүлөрдү сарамжалдуу пайдалануунун маанилүүлүгү боюнча түшүнүктөрүн арттырууга багытталган. Бөлүмдө келтирилген материалдарды окуп-үйрөнүүнүн натыйжасында окуучу экосистемалар, климаттын өзгөрүшүнүн себептери, биологиялык ар түрдүүлүк, жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу, ресурстарды сактоонун заманбап ыкмалары жана башка экологиялык маселелер жөнүндө системалуу түшүнүккө ээ болушат. Бөлүмдүн материалдары 5-6-класстардын табигый илимдер, адам жана коом, география, тарых, биология, МКТ, тил (кыргыз, орус, чет тилдер) сабактарынын негизги планын толуктап, окуучулардын өз ара сый-урматка жана диалогго негизделген мамилелер ар-
кылуу экологиялык көйгөйлөрдү талдоо, салыштыруу, себептерин аныктоо көндүмдөрүн жана компетенттүүлүктөрүн өнүктүрөт.